«Кыргыз күрөш боюнча райондук мелдеш болуп өттү»

Тасма айылында кыргыздын спорт  оюндарынын бири күрөш болуп өттү. Бул күрөшкө Тогузбай  айылынан 12, Тасмада  7-8дей, Аралда  5-6, Сары- Дөбөдөн 4, Шатыдан келип катышышкан.  Күрөшкө катышкан оюнчу өз атаандашын чалбастан, бутун тосо койбостон, “ ит жыгылыш “ болбостон, так көтөрүп чаап, далысын жерге тийгизүү керек.

image

Бул оюундун максаты, өтүшү жөнүндө кененирээк машыктыруучу  Азамат Бөлөков төмөндөгүлөргө токтолду.
» Бул атайын Кыргыз Республикасынын законунда бекитилген жаш уландар арасында «Манас урпактары» деген атайын 13 спорттун түрү боюнча өткөрүлөт. Бул тсаймаштын максаты облксттук денгээлге ат салыэууга даярдануу.  Тандалмалуу ракон тибиндр анан Каракол областын масыштабда анан республикалык.  Ошондуктан азыр
райондук денгээлдеги кыргыз күрош башталды азыр биз областка барчу катышуучуларды тандадык тандалгандар 6- апрелде барышат.
Кызыккандар жылдан жылга көбөйүп жатат. «- деп билдирди.

image

Бүгүнкү оюндун катышуучусу  Тасма айылынын 11- классынын окучуусу Сүйүнбек Таалайбек уулу 1- орунду ээлеген.
» Бүгүнкү күрөштүн денгээли жакшы өттү, райондук деңгээлде болду. Бул жерден жеңгендер облуска барат. Мен  62-салмакта 1- орунду алдым эми облуска даярданам кудай буюрса ал жактан да жакшы жеништерге жетебиз деп ойлойм» — деди ал.
Кыргыз эли эзелтеден эле балбандарды даңазалап, алардын атын муундан муунга өткөрүшкө. Биз дагы балбандарыбызга ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова. Чынтурсун Турдуматов.

«Тосколдууктардын баарын женип өткөн адам»

Тасма айылынын тургуну Мээрим Мукаева мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан ыр жазып,белгилүү жазуучуларыбыздын чыгармаларын да окуп келет.

image

Ал тургай жөн гана отура бербестен үйдө кичине бөбөгүн багуу менен алектенип келет.
Бул тууралуу Мээрим эженин келини Нурзада Муратова буларды айтат:
-Бош убактыларында бала карайт.Андан тышкары телефон менен ыр жазып калат.Ошол үйдө эле.
Мээрим эженин жакынкы кошунасы Зина эже «кошунасынын ар ишке жөндөмдүү экенин» баса белгилеп өттү.
«Кошуна ыраазы болмоюн,кудай ыраазы болбойт» демекчи, Зина эже Мээрим эженин кылган иштерине таң калып,кээде ыраазы да болоорун  жашырган жок.

image

Ошо Мээримди 1994-жылдан бери жакшы билем.Мээрим кичинекейинен эле оорулуу болгонуна карабастан өтө зээндүү, акылдуу,зирек кыз.Ал болсо оорулугуна карабастан жалаң жакшы тарыхый китептерди көп окуйт,чоң-чоң чыгармалардын баарын окуйт.»Сынган кылычты» эки үч жолу кайталап окуду,Талстойдун китептерин,»Война и мир «деген чыгарманы да эки жолу окуду мен билгенден.Ошо мүмкүнчүлүгү чектелсе да үй бүлөсүнө жардам берет,ырларды жазат.Бөбөгү бар аларды карайт,үйүнө аябай чоң жардамдарды берет.Болгону оорулуу  эле болгону болбосо акыл эси-акылдуу.Биздикине келип сүйлөшүп олтуруп кетет.Курортторго барып келип турат.

      ТООДОЙ ТОСКООЛДУКТУ ЖЕНГЕН ТАСМА АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНУ

Элибиздин табийгаттын талантын баалагандар ар дайым бар болсун дейли.Эл ичинде ар дайым  таланттуулардын саны арбын боло берсин демекчибиз.

Даярдаган:Айдай Амантурова
Темирбек кызы Бекзада.

Тасмада мал багуучулар чыгымга учурап жатышат

Айыл тургундары негизги иши мал чарбачылык болгондуктан, ар бир үйдө бул көйгөй  кездешүүдө өткөн жылы кургакчылык  болуп тоют толугу менен камсыз болбогондон айыл тургундары чыгымга учурап жатышат.Айыл тургуну Жениш Канаев малы чыгымга учурагандыгын төмөндөгүдөй баяндап берди:
«Быйылкы жылы  эми чөп начардыгы эгиндин чабылбай калышы ошол себептен  оору болду оорунун анализин таба алган жокпуз. болгон уколдорду сайдык бирок, козу салды козулар өлдү чөптүн сапаты жок болду жалаң саман бердик,  сатып алган чөбүбүз кымбат. Алдын алуу үчүн кандай аракеттерди жасадыңыз?Алдын алуу үчүн уколдорду сайдык натыйжа берген жок.»
Быйылда ушундай болсо сиз кандай чечим кыласыз?
-«Малды азайтып тоютту сапаттуу топтогонго аракет кылабыз, азыр эгин айдаганга мүмкүнчүлүк жок болуп атат, өкмөттөн чечим керек адам керек кандай келип атканын көрүп атасыңар сүт өткөргөн жерибиз 12-14сом араң бир байламды бир күндө жеп койот 200- 300  сом болуп атат кийинки өнүгүүгө мүмкүнчүлүк жок ошол болгону. »

image

Мал чарбачылык менен алектенген  Абдылдаев Качкын быйылкы жыл оор болгондугун баса белгиледи.        «Быйыл тоюттун аз болгондугуна байлыныштуу чыгым бир жашта торпок өлүп калды өлгөн себеби сырттан келген. Кара беде  күчтүүлүк кылып,   арык мал көтөрө албай ошондон ашказаны  иштебей калып өлүп калды.»
-Алдын алуу үчүн кандай аракеттерди жасадыңыз?
» Алдын алуу үчүн астын кургактап тоютту аз болгондугуна байланыштуу өлчөп, аздан берип, суусун убактысында берип тузун астына коюп туура мамиле жасап аткандыгына карабай эле торпок жайыттан өлүп калды.
-Быйылда ушундай болсо сиз кандай чечим кыласыз?
«Быйыл эрте жазда тоютту эрте камдаганга аракет кылып, мол тоют даярдаш керек жемин чөбүн камсыз кылгандан кийин анан кышкысын камын  туура толук  бергенге аракет кылып, ветеринардык жардамдарды  өз убагында уколун сайып, ушундай  алдын ала кам көрөбүз «.

image

Мал багуу оңой иш эмес буюрса, быйыл жаан — чачын болуп тоют көбүрөөк болуп малды аман эсен баксак малдан көбүрөк киреше алып айылдын элдеринин  турмушу оңолот деген ишенимдебиз .

 

      малчылар чыгымга учурап жатышат

Даярдаган: Нурлан кызы Перизат, Бейшебаев Саламат.

«Кыргыз жерине суктангаган япон кызы»

Тасма айылына 2012  -жылы Jica эл аралык жардам аркылуу ыктыярчы болуп келген Японка Май Сасакий. Ал эки жыл келишим менен аталган айылдагы    самын жамаатта иштеп кеткен, Кыргызстанды сагынып сегиз айдан кийин кайра эс алганы келди. Ал Кыргызыстандын жаратылышын, элдеринин ынтымактуулугуна баа берет.

image

Кыргызстанга эмне максат менен келдиниз?
«Эки жылга мен ыктыярчы болуп келип, Кыргызстандын элдерине жардам берип. Мен дагы бул жерден Кыргызстандын маданиятын жана жашоосун үйронойун деп келдим. Бул жерде жашоо башкача  да Японияда Элдер шашып журушөт, бул жерде болсо баары бакчаларда             картошка, буудай остуруп балдарын багышат оздору үй да салып алышат биз андай жасай албайбыз да»         
Эмне себептен эки жыл буткөндөн кийин кайра келгиниз келди?
» мен тамактарды, элдерди, тоолорду, малдарды сагынып японияда мындай жок анан келдим»     
Сизге Кыргызстандын эмнеси жагат?

image

» Мага бул жердин элдери жагат. Тамактары да абдан табийгый таза, даамдуу . Анан жаратылышы тоолору малдары абдан жагат да»
Кыргызстандын эмнесине тан каласыз?      
» Азыркы Японияга караганда Кыргызстандын уй булолору көп жана ынтымактуу анан жакын болот. Бизде үй булөлөр жалгыз жашагандар да коп Кыргызстанда үй бүлө деген чогуу болуш керек деген бар да алар дайыма конокко барып турушат бири бириникине. Ушул жакшы  деп ойлойм. Мага бул жер абдан жагат Кыргызстандын маданиятын үйрөнүп Японияда да мындай жашагым келет. Көп балалуу болуп үй булөм менен жашагым келет»- деп билдирди.
Япон кызын эмгекчилдигин Кыргызыстандагы үй бүлөсү төмөндөгулөргө токтолду.

image

«Май Сасакий биз менен келишимдин негизинде эки жыл биздин үй булө менен жашады.Өз кызыбыздай көрүп абдан көнүшүп калганбыз Кыргыздын салтын үрп адатын, жашоо турмушун ал тургай кыргыз тилин  да таза суйлочу бул жерге келээрде окуп үйронуп келет экен биздин үй бүлө менен суйлөшүп жатып терендетип үйрөнуп алды. Япон маданияты менен бизди тааныштырды. Ар бир жасаган иштер кылдат, талыкпай эмгек кылып    таза, тыкан кыз болчу. Эки жылдык келишим бүтүп, ал өз өлкөсунө кеткен. Сегиз ай        өткөндөн кийин Кыргызстанды сагындым деп бир жумага эс алганы келди. Японияда жургондө да ар дайым чалып биз менен сүйлөшүп турат дайыма кат жазат»дейт Анаркул Эсенбаева.
Жогорудагыдай Япон Кыргыз элинин кызматташтыгы, ынтымагы улана берсин.

image

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова.

«Белек уста»

Тасма айылынын тургуну Белек Садабаев   көп жылдан бери устачылык өнөр менен алектенип келет  .Ал айыл тургундарына стол кол жуугуч ушул сыяктуу  коптогон буюмдарды жасап сатат.Өзүнүн жасаган иштери жөнүндө билүү  үчүн Белек    Садабаевге кайрылдык.

image

«Мен    Ысык-кол облусунун  туп районунун тасма айылында төрөлгөм беш жыл мурунурак эмгектенип келтам.»
Ар бир нерсенин орчулугу барда мисалы акчалай же материалдык сизге балким жаныча техникалар  жетишпей келет же баары жетиштубу?
«Ооба жаны техникалар жетишпейт азыркы жаны чыккан циркулярка станоктор жетишпейт.Устачылык өнөрү жөнүндө кошунасы өз ишин мыкты билгендиги жана жыгач Менен эле буюм жасабастан темир боюнча да кол өнөрчү  экенин айтты .Белек тасма айылынын жашочусу бул жигиттин колунан жыгачылык темирчилик электр майда приборлорду жасаганга мунун шарты бар элдин кыжалатынан чыгып берет бул жигиттин келечеги кен.Белек абанын буюмдарын жактырып ар дайым колдонуп жургон Кенже эже колунан баары келип үй бүлөсүн багып жатканын айтты . Басына ылайык эле баары жакшы эле колунан баары келет үй бйлөсүн багып атат.Биз дагы Белек абанын   ишине албан албан

image

ийгиликтерди каалайбыз ар дайым эл батасын алып колу менен тен карысын  демекчибиз.

      Жыгач уста Белек аба

Даярдаган : Айдай Амантурова.Нурлан кызы Перизат.

«Жыйырма биринчи кылымдын инеллектуалы»

,,Алтын туйун» Респкбликалык инженнрдик техникалык академиясы уюштурган ,,Жыйырма биринч кылымдын    интеллектуалы»   аттуу  сынактын райондук этабы отуп жатат. Сынака катышып жаткан окуучлар илим жана техника боюнча изилдоолорун, ойлоп           табууларын долбоор турундо жана макетин жасап алып келишкен.

image

  Бул сынаккп А.Сопиев атындагы мектептин окуусу Чынтурсун Турдуматов келген ал «Зыяндуу кошулмалар ашыкча кошулган «таттууларды»  козомолдоочу бажы индикаторун ойоп тапкан» . Ал озунун ойлоп табуусу жонундо томонкулорду айтып берди.

image

«Мен бугунку райондук турда облустук турга жолдомо алдым. Муну жасаганымдын себеби мени таасирленткен бир окуя болду 6-классымда ооруканага жатып калгам ошол жерден бир кичинекей кыз зара кылалбай кыйналып заара менен кум жуушатып жатканын кордум анан дарыгерлерден сураганымда алар туура эмес кытайдан келген заттарды жегенден ушундай ооруулар пайда болуп жатат деп  билдирген. Мен ойлонуп Кытай жактан келип жаткан чек арага кошулмалары коп кошулган заттарды козомолдоочу индикатор ойлоп таптым. Эми облустук турга барып, долбоорумду жактырса республикага барам деп ойлойм»
Чынтурсунду бул сынакка алып келген жетекчи мугалим жана Кундуз Шалтабаева томонкулорду билдирди.

image

»  Азыркы кезде олкобуздун чон койгойлорунун бири болуп    ондуруштун жакшы онукпогондугу болуп жатпайбы инженердик техникалык жогорку профисионал кадрлардын жетишсиздиги буга себепкер. Окуучуларды мектептеги кезинен илимге техникага жаны ойлоп табууларга кызыктырып багыт коргозуш биздин  максат. Айыл  жеринде илимге билимге умтулган озгочо жондомдуулугу менен айырмаланган таланттуу  балдар коп. «Алтын туйун» инженердик техникалык академиясы  таланттуу балдарга ушундай сынактарды уюштуруп, келечектеги инженерлердин чыгуусуна жардам берет»
Бугунку сынактын ктышуучуларынын ойлоп табууларын иштерин жактоодогу кызыгуларын берилгендиктерин коруп, Кыргызыстандын онор жайы онуккон кучтуу мамлакеттердин катарына кирерине ишенем.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Чынтурсун Турдуматов

,,Тасма айылындагы жаш скульптор Азат»

Тасма айылында.  А.Сопиев   атындагы №19 мектебинин окучусу  Азат Тилекбеков көп жылдан бери пластилинден ар түрдүү нерселерди жасап келет. Ал пластилинден ар кандай темадагы чыгарманын каармандарын жана жаныбарларды жогорку деңгээлде жасайт.
Азат  өзүнүн таланты жөнүндө жана келечекте мыкты скульптор болгусу    келээрин билдирди:,,мен бош учурумду бекер кетирбестен ар түрдү нерсрлерди жасайм, мисалы Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарды жана жаны эле бийчи Атай Өмүрзаковду да жасадым. Мен бул нерселерди кичинекей кезимде эле абам экөөбүз жасачубуз ошондон бери кызыгып жасап келем. Мындан ары да өзүмө жаккан ар түрдүү нерсрлерди көбүнчө жаныбарларды жасагым келет жана жасайм»-деди ал
Эсенкан Токталиев кол эмгек сабагынын мугалими жана ,,Жаш чеберлер» ийриминин жетекчиси. Ал Азаттын өтө так жана тыкан экенин Азаттын жасаган иштерин көрүп келечекте Кыргызыстанга салымын кошкон мыкты скульптор болоруна ишенерин билдирди:,,Азат мектепте өзүнүнүн жаштар жааматында бизде,,Чебер колдор» куржогу иштейт ошол жерде өзүнүн активдүүлүгү менен мыкты иштерди жасайт. Бул 2011-жылдан 2013- 2014-жылы жакшы көрсөткүчтөрдү бере алды. Азат Өзүнүнүн  иштеринде негизинен  көркөм иш аракеттерди жасоодо өтө чеберчилигин көргөзө алды өзгөчө скульптура жагында бул жакта чопо жана пластилинден иштөө боюнча активдүүлүгүн көрсөтө алды. Ушул жасаган иштери боюнча Түп районунда 1-орунду облус боюнча  2-оорунду ээледи. Негизинен бизде 5-6-7-8 класстарда кол эмгек сабагы өтүлөт ал эми 9-класстарга өтүлбөгөнүнө байланыштуу кыскартылды. Бирок Азат кол эмгек сабагын  окубаса да ушул мезгилге чейин активдүүлүгүн көрсөтүп катышып жатат. Конкурска барууга даяр.Азаттын жөндөмдүүлүгүнүн өхгөчөлүгү айткан нерселерге так, негизи бизде атайын адис болбогондуктан биз үстүртөн карап жатабыз эгерде атайын адис болгондо бул бала мындан да өнүгүп кетмек»-деп билдирди.
Биз дагы келечекте Азатты мыкты скулптор болушун каалайбыз. Даярдаган: Айгерим Кубатбекова. Чынтурсун Турдуматов.

,,Бугу-эне» жамааты ,,Бренд» алышты»

Тасма айылыдагы ,,Бугу-эне» самын жамааты 5 жылдан бери  табийгый чөптөрдон, гүлдөрдөн пайдалуу самындарды жасап келишет. Бул жамаат мурда кээ бир самындарына бренд алышса, азыркы учурда жаңырган жылдын 20-яанварында ,,Ысык-көл брендине» ээ болушту. ,,Бренд» бул баардык талаптарга жооп берет дегенди билгизет.image Колдонучуулардын укугун коргоо союзунун облустук төрөгасы Үсөнов Сулайман төмөндөгүлөрдү билдирди:image,, Бизде 20 адамдардан турган камитет бар аларга: сүрөтчүлөр, тазалылык боюнча, мамлекеттик нормага ылайыктоочу адамдар, дизайнерлер бар ушул адамдар карап, баалап сертифкат татыктуу болсо беребиз. Муну бергенден кийин сатканга жакшы болот, таварды алганы келген адамдар да а бул бредүү прадукця экен деп кызыгып алышат.Азыр биз бул иш канага берип жатабыз бул жаамат жакшы жасалгаланган  баардык талаптарга жооп берет.»Бир айыл бир продук кыймылынын төрөайымы Махабат Жакеева эмне үчүн ,,Бренд» беришерин белгилеп өттү.,,Биз менен чоогу иштешкен атайын ,,Ыссык-көл бренд» деген комитетибиз бар. Бул комиттет ар кандай секторлордон түзүлгөн, мисалга алганда туризим сектору, ишкерлердин, окуу сектору ар кандай мамлекеттик органдар. Булар өздөрү чыгарып жаткан прадукцясына сертифкат алышы керек.Сертифкаттын берүүбүздүн ара кеттерди жасап ошо булдарендге» татыктуу прадукцяларды балоо балоо үчүн өзүнүн талаптары бар атайын бекитилген. Ошол талаптардын негизинде биз,,Бугу-эне жамаатына» ,,Бренд»  деген    лагатипти ыйгардык.       Карасаев айыл өкмөтүүнүн айыл башчысы Курманбек Кайыков Бугу-эне   жааматынын жетишкен ийгиликтеерине кубанганын жашырган жок .imageБугу эне   уюшулганына 2010 жылы буйурса беш жыл болот кудай буйурса бул коомчулугубузга     абдан бир оң таасирин берди деп ойлойм алты кыздарыбыз облас боюнча биринчи сертификат алганы биз үчүнда чоң сыймык болду биз абдан жакшы көз    караштабыз буларды колубуздан келишинче ара кеттерди жасап колдоолорду көрсөтүп турабыз»,,Бугу-эне жамаатында» эмгектенген Анаркүл Эсенбаева мындан ары да жасаган прадуксялардын сапатын кетирбей, татыктуу иштешерин билдирди  image,,Биз бул ,,брендге» жетиш үчүн көптөгөн эмгектерди кылдык, буйурса үзүрүн көрүп отурабыз. Эмгегибиздин натыйжасында текшерүүлөрдүн баардыгынан өтүп, талаптарга жооп берип,,Ыссык-көл бренд» ээ болдук биз буга чейин да сапаттуу самындарды жасап келгенбиз мындан ары да жасай беребиз»- деп билдирди.Даярдаган: Кубатбекова Айгерим. Турдуматов Чынтурсун.

Бишкекте жааматтык мултимедия борборун кабарчылары телефон колдонмолорун үйрөнүүдө.

Бул семинарга баардыгы 20- ыктыярчы катышты. Ар бир айылдан экиден катышуучу келди. Семинар абдан кызыктуу жана көнүлдүү болуп өттү.

Бул тууралуу  семинардын катышуучусу Асанкул кызы Гүлзат өз ойун айтып берди.

image

Бул семинар абдан денгелде өтүп жатат. Баарыбызга пайдалуу мобилный интернет аркылуу кандай програмаларды кантип алышыбыз керек. Кандай жанылтарды кандай жол менен кетиришибиз керектигин үйрөтүп жатабыз.Абдан пайдалуу нерсе болуп жатат.

Катышуучуларды окутуп жаткандыгы тууралуу kloop media  уюмунун жетекчиси Аширалиев Элмурат төмөндөгүлөрдү айты.

image

Семинардын  өткөрүп жатканын себеби жааматтык мултимедия борборуна телефонду колдонуп, изденин табуу.  Телефонго орнотуп аларды иштөөнүү үйрөтүү болуп эсептелет. Ошон үчүн өткөрүлүп жатат.

Бул трейнинг Немец толкуну (DW), Фридах Эберт(FRIEDRICH EBERT STIFTUNG), Жааматтык маалымат каражатынын ассоциациясы(Ассоциация Общинных СМИ).

Даярдаган:Бейшебаев Саламат.