Тасма айылында Кесип тандоо боюнча тренинг өтүлдү

Тасма айылында Кесип тандоо боюнча Нургазы Осмонканов тренинг өттү. «Лидерство» жана «Дилгир» курсунун окуучусу Эржан Мирлан уулу «Келечекке туура жол тандоо» аттуу долбоорду утуп алган. Ошол себептен кесип тандоо боюнча тренинг өтүлдү. 9-11-класстар өзүлөрүнө тиешелүү жана керектүү маалыматтарды ала алышты.

Бүгүнкү күндө келечкке туура жол тандоо проектисинин тренери Нургазы Осмонкановдун айтымында » Бүгүнкү тренинг өзүмдүн баалом боюнча жакшы өттү деп ойлойм. Тренингдин темасы кесип тандоо боюнча болду. Азыркы учурда Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө кайсы кесип актуалдуу болуп жатат, Кыргызстан рыногунда кайсы кесиптерге талап өсөт жана окуу жайды бүткөндө ошол окуусу менен орношо алабы ушулар тууралуу биз маалымат бергенге аракет кылдык. Кесип тандоодо кандай критерийлерге караш керек эмнеге басым жасаш керек ошол тууралуу окуучулар кенен маалымат алышты. Негизи кесип тандоодо «3 К» деген формула бар. Ошонун негизинде кесип тандаса туура болот.
1. Каалайм
2. Кыла алам
3. Керек
Кийин тандаган кесибиңерде туура иштеп кете аласыңарбы, анын майанасы кандай ошол тууралуу да билип жүрүшүңөр керек. Азыр бизде кыйын жарандар бар. Мисалы; Эркин Адылов азыркы учурда Нью Йоркто чоң бир ишкананы жетектейт. Британиянын жарандыгын алган бирок Кыргызстанда туулуп өскөн. Ошондой өрнөктөр көп. Ошондуктан бир гана Кыргызстан менен чектелбеш керек. Башка жерден окуп иштесе болот. Биз бул айылга атайын чакыруу менен келдик Караколдо өтүп жаткан «Дилгир» праграммасынын катышуусу Эржан Мирлан уулу «Кичи грант » долбооруна жазылып долбоор утуп алган ошонун негизинде келип тренинг өтүп жатабыз» деп айтып өттү Нургазы Осмонканов.

Асан Сопиев орто мектебинин 11- классынын окуучусу Окенов Элтурандын айтымында «Мен бүгүнкү тренингде кайсы кесип боюнча кандай иштесе болот, майанасы кандай, кайсы мамлекеттерде иштесе болот ошолорду билдим. Бул тренинг боюнча мен каалап жаткан кесиптер боюнча кеңири маалымат алдым десем болот» дейт Элтуран Окенов.

Асан Сопиев атындагы мектептин 10- классынын окуучусу, «Лидерство» жана «Дилгир» курсунун окуучусу Мирлан уулу Эржандын айтуусунда »
«Келечекке туура жол тандоо» долбоордун негизинде бизге кичи долбоор жазууга мүмкүнчүлүк берилген. Ciz Германия кызматташтыгы каржылаган. Мен «Келечекке туура жол танда» деген кичи долбоор жазып, бул долбоорду утуп алганыма абдан кубанычтамын. Бүгүнкү тренингде биздин жаштардын келечегине чоң таасир бере алат деген ишеничтемин.
Бул тренинг абдан жакшы деңгээлде өттү деп ойлойм. Менин айылыма келип өтүп жатканына кубанычтамын жана ошондой эле Аня эжейге, Нургазы агайга терең ыраазычылык билдирем. Тренингдин максаты 9 жана 11- класстын окуучуларына туура кесип тандоо жана ал кесиптин кийин кереги барбы же жоголуп кетчү кесиптер жана өнүгүп келе жаткан кесиптер боюнча кеңири маалымат берүү» деп билдирди Эржан Мирлан уулу.

Ыктыярчылар клубу «Лидерство» нун ишкери Анна Стыценконун айтуусунда «Биз жаштардын дараметин көтөрүүгө чоң салым кошуудабыз. Каракол шаарында жана Ысык-Көл облусунда иш алып барабыз. Азыркы учурда жаштардын квалификациясын жогорулатуу үчүн Ысык-көл облусу боюнча «Дилгир» курсун өткөрүүдөбүз. Биз бул жерге Эржандын долбоорун өткөрүүгө келдик» дейт Анна Стыценко.

<img
Даярдагандар: Аяна Жайлобаева, Аяна Элеманова, Жибек Мелисова.

Тасма айылында ФАО нун мүчөлөрү ыр кесе коюшту.

Азык түлүктү жана айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн өз ара жардамдашуу уюм түзүлгөн. Ушул уюм тарабынан бүгүн Тасма айылында ыр кесе өткөрүлдү. Бул ыр кесени айымдар зордук-зомбулукка кабылбай иштеш үчүн, өзүлөрүн көңүлдүү алып жүрүш үчүн ФАО нун мүчөлөрү «Ыр кесе» уюштурушкан.

ФАОнун жетекчиси жана Чоң-Тогузбай айылынын имамы Муратбек Ыймангазиевдин айтуусунда «Бул ишибиздин багыты ФАО нун өз ара жардамдаштыруу топтору айымдар үчүн түзүлгөн проект. Энелер зордук-зомбулукка кабылбай жумуш менен камсыз болуу жана ошону менен бирге тоют базасын чыңдоо. Уйлардын сүттөрүн сапатын жогорулатуу жана биримдикте ынтымакта иштөө деген тартип менен кетет. Бул проекттин келечеги чоң. Энелер аман болуп ынтымакта болуп ушул проектини камсыздап кете берсе бул келечек багыты эң жакшы. Бул проект 2016-жылы февралда кабыл алынган. Кыргызстан менен Швейцариянын өкүлчүлүгү тарабынан камсыз кылынган үч жылдык проект болучу. 2018-жылы июль айында мөөнөтү аяктаган. Кайрадан 2019-жылы мен жетекчи болуп киргем. Ушул проект менен бирге айымдар жумуш менен камсыз болот да үй бүлөлүк бюджети да каралат.
Бүгүнкү ыр кесе жакшы өттү. Эң биринчи ыр кесе Токтоян айылында башталган. Ыр кесени Ичке- суу алган анан Чоң- Тогузбай алган кайрадан ыр кесени Тасмага узатышкан. Бүгүн Тасма айылы коюшту. Атайын чогулуштан сүйлөшкөнбүз ушул күнгө койгула деп. Ортодо ыр кесе көп убакытка токтоп калып кайрадан жанданды. Бүгүнкү ыр кесени Тасма айылы Ичке-Суу айылына өткөрүп беришти.

ФАО нун мүчөсү Лиза Кыдырбаеванын айтуусунда «Бири-бирине өз ара жардамдашуу жана азык түлүктү, айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча уюм тузулгон. Ал уюмду ФАО деп атап коёбуз. 2016-жылдан баштап, Түп району боюнча 5 айыл иштейбиз. Ошол 5 айыл бири-бирибиз менен ынтымакта болуп ушул ыр кесени уюштурганбыз. Биз былтыр алганбыз шартка байланыштуу бере албай калып, быйыл ыр кесени баштадык. Ыр кесени биз өзүбүздүн мектептеги мугалимдерге жана Ичке-Сууга узаттык»деп айтып өттү Лиза Кыдырбаева.
Даярдаган: Аяна Жайлобаева.

5-март » Ак калпак күнүнө карата Чоң-Тогузбай айылында 1метрлик калпак жасалды.

Чоң-Тогузбай айылындагы Кубанычбек Мамытов атындагы орто мектепте «Ак калпак» күнүнө карата бир метрлик калпак кийизден жасалып, окуучулардын көңүлүн бурду. Бул калпакты аталган мектептин химия, биология мугалими Акылбек Саяковдун сунушу менен жасалды.

Аталган мектептин сүрөт, чийүү сабагынын мугалими Гүлзат Касымованын айтуусууда » Бүгүнкү 5-март «Ак калпак» күнүнө карата бир метрлик калпак жасалды. Бул калпакты жасоо идеясы химия, биология мугалими Акылбек Саяковго таандык. Ак калпак жасоо ишинде кийиз жана калпактын эзкизи пайдаланылды. Кадимки кичине калпактын масштабын чоңойтуп жасадык. Калпак жасоодо чебер колдор кружогуна катышкан окуучулар менен жасадым. Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чараны өткөрдүк» деп билдирди Гүлзат Касымова.

Калпак жасоону сунуш кылган Акылбек Саяковдун билдирүүсүнө «Улуттук баш кийимибиз болгон ак калпакты даңазалоо аны жөн гана баш кийим эмес улутубуздун, маданиятыбыздын сыймыгы экенин окуучуларга айтып берүү максатында бул иш-чара өтүлдү» деп айтып өттү Акылбек Саяков.

Мектептин уюштуруучу мугалими Ширин Ниязованын айтымында «Бүгүнкү «Ак калпак күнүнө карата Кубанычбек Мамытов атындагы орто мектепте ачык сабактар жана линейка өтүлдү. Линейкада бир метрлик ак калпактын көргөзмөсү болду. 1-11-класстардын жетекчилери калпак күнүнө карата класстык тарбиялык сааттарды өтүштү
Асмандан жарык көрсөң,
Жылдыз деп бил.
Ак калпак кийгенди көрсөң,
Кыргыз деп бил.
Деп илгертеден ата- бабаларыбыз айтып келген. Ошонун негизинде ата- бабаларыбыздан калган патриоттук сезимдерди ойготуу менен бирге ак калпактын тарыхы жөнүндө окуучуларга маалымат берилди» дейт уюштуруучу.

Даярдагандар: Гүлназ Жумагулова, Аяна Айбек кызы, Ширин Ниязова.

Тасма айылында менталдык арфиметика кайрадан ишке кирди

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылында ментальный арфиметика «Урания мега майнд» кампониясынын тарабынан ачылды Асан Сопиев орто мектебинен элүү төрт окуучу катышуу да

Менталдык арфиметиканын мугалими Гулиза Сакбаеванын айтуусунда «Менталдык арфиметикага элү төрт окуучу катышып жатат»
«Бул Менталдык арфиметика «Урания мега майнд» тарабынан ачылды ачылганына бир ай болду бир айдан бээри балдар менен иштеп жатабыз. Баасы төрт жүз элүү сомдон биринчи айында китебин жана абакусун алышты китептин баасы үч жүз сом абакустун баасы жүз элүү сомдон айына төрт жүз элүү сомдон төлөп окушат. Биринчи айында баардыгы биригип тогуз жүз сом беришти. Асан Сопиев мектебинде жалпы элүү төрт окуучу катышып жатат. Жаштарына карата топторго бөлүп алып топ боюнча өтөм.1-класстан 8- класска чейин катышып жатышат» деп билдирди мугалими

Менталдык арфиметиканы окуп жаткан окуучусу Мадина Үсөнованын айтуусунда «Арфиметика мага керек деп ойлойм»
Мен менталдык арфиметиканы бат эле өздөштүрүп кете алдым. Мурун болгон арфиметикага катышкан эмесмин. Бул сабак мага абдан жагат мага керек деп ойлойм. Мен буга өз каалоом менен катыштым бул мага келечекте керек деп ойлойм» деп билдирди мектеп окуучусу

Асан Сопиев мектебинин директору Алик Мамытовдун айтуусунда «Менталдык арфиметика бир жарым жылдык тыныгуудан кийин кайра ишке кирди»
Арфиметика мезгилдин талабы болуп жатат себеби балдар тез туура так эсептөөгө үйрөнүп жатышат.
Биздин районго келген академи росту боюнча биздин ар бир мектептен математик мугалимдери чакырткан. Биздин математик мугалимибиз Гүлжигит Аскат уулу академия ростун курсунан толук өткөн . Биздин мектептен окуучуларды үч топко бөлүп алып окуткан. Бир жылдын ичинде эле Гүлжигиттин окуучулары чоң жыйынтыктарлы берди бир жыл иш алып барылды анда жакшы жыйынтыктарды берди. Шартка байланыштуу Гүлжигит Аскат уулу мектептен бошогонго туура келип калды былтыркы февраль айынан баштап бир жарым жылга окуу токтоп калды азыр кайрадан жандандыруу боюнча окуу жүрдү ошол окуудан мектеп тарабынан Гулиза Сакбаева окуп келип азыр жаңыдан баштап жатат. Биздин мектепте жеңишке жеткен окуучулар көп болду райондук, областык деңгээлде жеңүүчүлөр болду Шаяхматова, Шаиев, Үсөнова, Асема Урматова жакшы көрсөткүчтөрдү беришти. Шаиев жана Үсөнова экөө Бишкек шаарына Жогорку Кеңешке экскурсияга барып келишти. Андан сырткары бир окуучубуз эл аралык турнирде Казакстандын Ак-Дөбө шаарында өткөн турнирде экинчи орунду жеңип келген. Мындан сырткары Асема Урматова даагы эки окуучубуз Ташкентте өткөн арфиметика боюнча эл аралык турнирде эки үчүнчү орунду жеңип келишти. Аз убакыт болсо дагы Гүлжигит Аскат уулунун жасаган ишинин жемишин берди » деп билдирди мектеп деректору

Даярдаган: Жибек Мелисова

Тасма: Айыл тургундарынын картошканын баасына болгон көз карашы

Айыл-аймактарда тургундар көбүн эсе дыйканчылык менен алектенгендиги белгилүү. Дыйкандар картошканы эмгек менен себип, жыйнаган. Учурда картошканын баасы эмгектерин актабай жаткандыгын айтышса, кээ бир тургундар баасы «жакшы» деген ойлорун билдиришет.

Тасма айылынын тургуну Завира Атантаева картошканын баасына көз карашым жакшы деп билдирет.

«Менин картошканын баасына болгон көз карашым жакшы. Себеби быйыл картошканын баасы жакшы көтөрүлдү. Былтыр 6 сомдон саттык. Быйыл кармадык бир аз 10 го көтөрүлдү. Буюрса жакшы эмгегибиз акталды» деп билдирди.

Аталган айылдын тургуну Кубат Сулаймановдун айтуусунда » Картошканын баасы кичине арзан болуп жатат. Биздин эмгегибиз акталбай калууда. Быйыл 6 сомдон саттым. Азыр болсо 10сомго көтөрүлдү. Буюрса жакшы көтөрүлүп келе жатат» дейт айыл тургун.

Картошка сатып алуучулардын бири Назарбек Калиевдин айтуусунда «Картошканы мен 10сомдон алып жатам. Картошканын баасы эмне үчүн көтөрүлбөйт деп кээ бирлери нааразы болот. Бирок аны базар чечет. Мен айылдарды кыдырып алып кайра базарга өткөрөм. Ар ким өз каалоосу менен эле сатат»деп айтып өттү сатып алуучу

Айыл тургун Нурлан Дубанаевдин айтымында » Негизи картошканын баасы төмөн болуп жатат. Дыйкандардын эмгеги бааланбай калууда. Эгерде картошканын баасы 20 сомго көтөрүлсө дыйкандардын эмгеги бааланмак» деп өз оюн айтты айыл тургуну.

Даярдаган: Аяна Айбек кызы.

Афган ардагери Тилек Бакачиев менен маек

Тогуз жылдан ашуун убакытка созулган Афган согушу көптөрдүн көңүлүнүн үшүн алган трагедия катары тарыхта белгилүү. Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн эле. Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайтышкан.
Читать далее Афган ардагери Тилек Бакачиев менен маек

Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин аталуу тарыхы

Ысык –Көл областынын Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинин аталуу тарыхына токтолобуз. Айылдык орто мектеп ардактуу атуул Сопиев Асан Сопиевичтин эмгеги менен атын алган.


Читать далее Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин аталуу тарыхы

Карасаев айыл өкмөтүнө тиш догдур келип иштөөдө

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылында тиш дарыгер иштеп, ага элдер ыраазы. Карасаев айыл өкмөтүндө жашагандарга ыңгайлуу күнүнө үч төрттөн келип тиштерин жасатып кетишет айыл тургундарына бул ылайыктуу тиштери ооруганда алыс жакка бара албай жатышса өздөрүнүн айылдарынан тиштерин жасатып алышат.

Тасма айылынын тиш жасап иштеген Нурбек Кубандыковдун айтуусунда
“Мен окууну бүткөнүмө жети сегиз жыл болду. Кесиптик окууну бүткөнүмө беш жыл болду. Мен “ Кара-Балта” медициналык колледжин бүткөм Колледжде үч жарым жыл окугам. Ушул кесип менен иштеп жатканыма беш жыл болду.Айылга келип иштегениме аз эле болду.Жай мезгилинен бээри иштеп жатам. Күнүнө үч, төрттөн кишинин тишин даарылап жатабыз. Айлыгым өзүмдүн иштегениме жараша болот, өзүм канча иштесем ошончо алам” деп билдирди Нурбек Кубандыков

Тасма айылынын тургуну Гулиза Сакбаеванын айтуусунда
“Айылга тиш догдурдун келип иштегени абдан жакшы болду. Биз мурун тишибиз ооруганда шаарга жете албасак тишибиздин ооруганына чыдап, жасатпай жүрчүүбүз. Азыр каалаган убагыбызда барып тишибизди жасата алабыз. Айылыбызга тиш догдурдун келгени айылдагыларга жакшы болду. Айылыбызда тиш догдурдун бары жакшы элдер тиштерине жакшы көңүл да буруп калышат деп ойлойм. Мурун шаарга бара албай тиштер көп каралчуу эмес” деп билдирди айыл тургуну

Даярдаган: Жибек Мелисова

Тасма айылында райондук деңгээлде «Грек-рим» күрөшү боюнча турнир өтүлдү

Тасма айылында райондук деңгээлде «Грек-рим» күрөшү болуп өттү. Турнир «КРнын эмгек сиңирген мугалими» Асан Сопиев жана Ооган согушунун ардагери Асанбек Жакыпбаев, Баткен согушунун катышуучусу Аваз Дүйшөбаевдин жаркын элесине арналды. Спорттук мелдеш Тасма айылынын атуулу Тилекмат Атагулов жана спортчулардын демилгеси менен болуп өттү.

Асан Сопиев орто мектебинин дене тарбия мугалими жана турнирдин уюштуруучусу Тилекмат Атагуловдун айтуусунда «Жаш муундарды спортко тарбиялоо жана айыл арасындагы ынтымакты чыңдоо максатында өтүлдү. Турнирди жылда өтүп турчубуз райондук областык деңгээлдерде, мурун бүтүп кеткен спорт менен машыккан окуучуларыбыз ушундай демилге көтөрүшүштү. Жети-Өгүз, Ак суу, Каракол жана Түп районунан да келишишти. Баардыгы жыйырма команда келди. Турнир жылдан жылга жакшы дегээлде келе жатат. Быйыл райондук болсо эмки жылдары буюрса балдар Республикалык мелдеш өткөрөбүз деп турушат» деп билдирди Тилекмат Атагулов.

Бүгүнкү турнирдин калысы Жоомарт Акылбек уулунын айтуусунда «Турнир калыстыкта өтүп жатат. Тирнирге район боюнча чакырганбыз беш район келди беш район катышып жатат. Оюнчулардын баары жакшы деңгээлде даярданышыптыр. Турнир күчтүү даражада өтүп жатат» деп билдирди Жоомарт Акылбек уулу.

Тилекмат Атагуловдун спортчуларынын бири Ынтымак Кенжебековдун айтуусунда
«Бул оюн Тасма айылынын күрөшүнүн түптөлүшү 2008-жылы башталган биринчи 1996-жылы биз баштаганбыз 2008-жылдан бери 12-жыл болуптур. 12-жылдан бери бүтүрүүчүлөр күрөштөн тарбия алып күрөшүп ийгиликке жеткен спортчулар биригип Аваз Дүйшебаевди, Асанбек Жакыпбаевди, Асан Сопиевди эскерип турнир уюштуралы деп чечтик. Айыл арасындагы ынтымакты чыңдоо жана ошондой эле баардыгын ынтымакка чакыруу жана тажрыйба алмашуу максатында өтүлдү» деп билдирди Ынтымак Кенжебеков.

Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Аяна Элеманова, Жибек Мелисова.

Мектеп окуучулары арасында көк бөрү оюну өткөрүлүп жатат

Мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлүп жаткан көк бөрү оюну
Кыргыздын улуттук оюну Көк бөрүнү унутта калтырбай азыркы жаштар кызыгуу менен ойноп келе жатат. Алсак мектеп окуучулары арасында 2002-жылкы мырзалардын ынтымакты чыңдоо максатында беш айыл кезектешип Көк бөрү оюнун өткөрүшүүдө.

Тасма айылынын 11-классынын окуучусу Хамза Мырзакановдун билдирүүсүндө “Бул кѳк-бѳрү оюну мектеп курама командасынан шеринеси. Биринчи Бирлик айылында болду.Андан кийин Тасма айылы ѳткѳрдү. Анан Чоӊ-Тогузбай айылы. Бул жаштарды ынтымакка чакыруу оюну болду. Буга 9-классты бүтүп кеткен да жарабайт бир гана мектеп арасындагы окуучулар гана катыша алат. Оюн жакшы деӊгээлде ѳттү. Ар бир команданын копитандары болот. Тамак-ашы да берилет. Ар бир айылга барганда тамактары берилет. Ар бир командага грамоталар берилет. 1- орунга кой,2- орунга 2 000 (эки сиң) сом,3- орунга 1 000 (миң) сом берилет. Тасмага келгенде тѳрт команда катышышты. Чоң-Тогузбай айылында болгондо беш команда катышты. Тасма, Чоӊ-Тогузбай ѳзү, Бирлик, Арал, Сан-Таш айылдары катышты. Кѳк-Бѳрүнү ар бир беш айылдын 2002-жылкы балдары сүйлѳшүп уюштурдук. Бул оюн буюрса дагы уланат. Кийинки оюн 25-январда Аралда ѳтѳт.” деп айтып ѳттү.

Көк бөрү оюнунун катышуучусу Актилек Бейшалиевдин айтымы боюнча » Мен Аралда болгон улак боюнча айта кетсем шерине катары ар бир айылдар ай сайын өткөрүп турабыз. Жалпысынан оюнга алты команда катышат. Бул оюн Түп районунун жаштарын өстүрүү максатында өтүлүп турат» деп айтып өтү көк бөрү оюнунун катышуучусу.

Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Аяна Элеманова.