Айылда ФАО уюму ынтымакта Жер иштетип иш кызуу жүрүүдө

Жазгы талаа иштеринде ФАО уюму талааларды тазалоо жана айдоо себүү иштерин жүргүзүшүүдө. Баардык 5 гектар жерди бош калтырбай иштетишти.

ФАО уюмунун мүчөсү Сагынай Осмонакунованын айтымында «Жазгы талаа иштеринде ФАО уюмунун 35 мүчөсү жалпы жапатырмакка чыктык, ФАО уюмуна айыл өкмөтүнөн жеңилдетилген арендада 5 гектар жерди алдык. Анын 3 гектары Тасма жана Чоң-Тогузбай айылынын ортосунда ал жерде беде бар. Ал эми 2 гектары Таш кыяда ал жерибизге быйыл буудай септик. Ошол 3 гектар жердеги беденин үстүндөгү таштандыларды алып, тазаладык. Бизде 5 топ бар ар бир топто 7ден адам. Ошол 5 топтун 1 тобу талааны тазалаганы чыксак, бир топ жерди айдатканга, бир топ тырматканга, бир топ септиргенге бөлүнүп алып дайыма иштейбиз» деп билдирди ФАО уюмунун мүчөсү.

Чоң- Тогузбай жана Тасма айылынын ФАО уюмунун мүчөлөрү биригип Таш- Кыядагы 2 гектар жерге буудай жана беде септик. Кудай буюрса түшүмдөр өнүмдүү болуп, ФАО нун бюджети көбөйсүн деп кудайдан тилейли» деп айтып өттү Мурат Имангазиев.

Даярдагандар: Аяна Жайлобаева, Гүлназ Жумагулова

Рамазан айында орозо кармоо мусулмандар үчүн парз

Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан эсептелинет. Ислам ушул айда туулган, дүйнө жүзүн нурга бөлөгөн Ыйык китебибиз Курани-Карим да так ушул айда түшө баштаган. Миң айдан да куттуу болгон Кадыр түн кечеси да ушул айдын ичинде камтылган. Ички дүйнөбүздү жаман түшүнүктөрдөн, сырткы келбетибизди туура эмес кыймыл-аракеттерден тазалаган орозо Рамазан айында кармалат. «Орозо» деген сөздүн сөздүк мааниси — «кандайдыр бир нерседен оолак болуу, бир нерседен тыйылуу». Орозонун шарияттагы мааниси — милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан баштап, күн батканга чейин орозону бузуучу нерселерден, тактап айтканда, жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан тыйылуусу. Орозонун убактысы Курани Каримде мындайча көрсөтүлгөн: «Таң агарып, ак жип кара жиптен айырмаланган маалга чейин ичкиле, жегиле. Андан соң кечке чейин орозо кармагыла».


Рамазан айы башталып, айыл тургундары Куран окутуп, күрүч басып, орозо кармоого даярданышууда.

Даярдагандар:Аяна Жайлобаева.

Түп районуна Курманбек Дыйканбаевден жардам


Курманбек Дыйканбаев Сапарович тарабынан Түп районунун жакыр ,аз камсыз үй бүлөлорүнө, кайрымдуулук катары берилген жардамдан Карасаев айыл өкмөтүндөгү 45 үй бүлөөгө 25 кг дан ун жана 100 беткап таратылып берилди. Мындан сырткары үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун мед айымдарына, жана социалдык кызматкерлерге атайын формалар берилди. Кайрымдуулук кылган Курманбек Дыйканбаев Сапаровичке Карасаев айыл аймагынын тургундары терең ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Даярдагандар: Аяна Жайлобаева, Эржан Мирлан уулу.

Жергиликтүү бийликке калктын саламаттыгы эң биринчи орунда турат

Карасаев айыл өкмөтүндө баардык кызматкерлери жана депутаттар, жергиликтүү кеңеш баардыгы кеңешип, калктын саламаттыгын ойлоо менен бирге талыкпаган иш аракеттерди алып барууда. Ал иш аракеттерде айыл өкмөт кызматкерлери менен айыл активисттери иштешүүдө. Элдин жакшы жашоосун камсыздоого болгон иш аракеттерди кылып, айылдык «Кеңеш», депутаттар, айыл өкмөтү, айыл өкмөт кызматкерлери штабдык отурум жасап, ал жерге милиция кызматкерлери, ҮТД кызматкерлери, мектеп директорлору, айыл активисттери чакырылып, Штабдык отурум өтүлдү. Ал штабдык отурумда Түп райондук мамлекеттик администрациясынын штабдык курамы келип, түшүндүрүү ишин жүргүздү. Айылдарда блок посттор коюлуп, айылдык кеңештин 27-чакырылыштын 29-сесиясынын √2 токтому менен акча каражаттары бөлүнүп, бет каптар, антисептик каражаттары жана кол аарчыларды үч блок постко бөлүп беришти. Мындан сырткары айыл өкмөтүнүн, айыл жаштарынын, депутаттардын демилгеси менен ун алып келинип, муктаж адамдарга арзан баада таркатышты. Айыл жаштары жазгы талаа иштерине элди күйүүчү май менен камсыздоого салымын кошуп аракеттенишүүдө.

Даярдагандар: Эржан Мирлан уулу, Аяна Жайлобаева.

Билим алууга карантин тоскоол боло албайт

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүндөгү Тасма айылында Асан Сопиев атындагы орто билим берүү мектебинин мугалимдери окуучулар менен WhatsApp (Ватсап) аркылуу группа ачышып, мугалимдер окуучуларга тийиштүү тапшырмаларды беришип, окуучалар үй ишин видео аркылуу аткарып жатышат

Даярдагандар: Гүлназ Жумагулова, Жибек Мелисова

Карасаев айыл өкмөтүндө борбордук көчөлөрдү тазалоо иштери өтүлдү

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүндө оорунун алдына алуу максатында Аскердик каттоо бөлүмүнүн инспектору Гүлназ Жумагулованын демилгеси менен жана АДКА кызматкерлеринин жардамы менен болуп жаткан иш чара Карасаев айыл өкмөтүнүн борбордук көчөлөрүн тазалоо иштери өтүлүүдө

Даярдаган: Жибек Мелисова, Гүлназ Жумагулова

Короновируска карата Түп районунун жаштары да аракет жасашууда

Түп районунун жаштары жана Hyp Fm Жамааттык мультимедиа борбору илдетке каршы аракет жасашууда. Тартипти, тазалыкты сактоо менен короновируска карата калктын калың катмарына чакырык жасоодо.

Даярдаган:Аяна Жайлобаева

Карасаев айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга «Ысмайыл ата» кайрымдуулук фонду жардам көрсөтүштү

Токтоян, Чоң-Тогузбай, Тасма айылдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарына жардам берилди. «Ысмайыл ата» кайрымдуулук фонду 1 кап ун жана 3литр суумай таратышты.

Карасаев айыл аймагынын соц. адиси Акжолтой Мамиеванын айтымында «Бүгүнкү жардам «Ысмайыл ата» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан берилип жатат.Бул жардам жакыр үй бүлөөлөргө, аз камсыз үй бүлөөлөргө жардам катары 1кап ун, 3 литр суумайдан таратылды.
Этап этап менен бөлүнүп жардамдар келүүдө. Дагы да жардамдар болот. Мында албай калган тургундар кийинки жардамдардан ала алышат» дейт Акжолтой Мамиева

Тасма айылынын кайрымдуулук фондунан жардам алган айыл тургундун айтуусунда «Биз кайрымдуулук фондунан 1кап ун, суумай алдык. Биз буга чейин дагы «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунан жардам алчубуз. Менин 2орулуу балам бар ошол үчүн алдым. Бизге маалымат берет. Ушул күнү кайрымдуулук иши болот деп ошондо барып жардам алабыз. Иштерине ийгилик болсун, ар дайым ден соолукта болушсун. Ушундай жардам көрсөтүп айткандарына чооң рахмат» дейт айыл тургун билдирүүсүндө.

Даярдагандар: Аяна Жайлобаева, Гүлназ Жумагулова.

Токтоян айылында бүгүн дагы кайрымдуулук иши болуп өттү

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу «Боорукер бол» жана «Катар» кайрымдуулук фонду жардамга муктаж жана аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жылуу жууркан жана жүз отуз үч тонна көмүр таркатышты.


Даярдагандар: Гүлназ Жумагулова, Жибек Мелисова, Аяна Жайлобаева.

Токтоян айылында кайрымдуулук иши болуп өттү

Карасаев айыл аймагындагы Токтоян айылында кайрымдуулук иши катары Түп районундагы айылдарынын аз камсыз үй бүлөлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жууркандар жана 1тонна көмүр таратылды. Бул кайрымдуулук ишин “Боорукер бол” жана “Катар” кайрымдуулук уюмдары жүргүзүп жатышат.

“Катар” кайрымдуулук уюмунун социалдык бөлүмүнүн адиси Алмаз Ишенбековдун айтымында “Биз бул уюм менен 2017-жылдан баштап иштеп жатабыз. Бир гана Ыссык-Көл өрөөнүнө гана эмес башка да аймактарга, өрөөндөргө жардам көрсөтөбүз. Негизинен социалдык бөлүмүбүздө атасынан же энесинен айрылган 3900бала айына 2000сомдон пособия алышат. “Боорукер бол” кайрымдуулук фонду менен 1жылдан бери иштешип келебиз. Биз Түп районундагы айылдардын аз камсыз үй бүлөлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 600 плет жана 133тонна көмүр тараттык. Ар бир үй бүлө төрттөн бештен жылуу жууркан жана 1тонна көмүр бердик. Бул жакта бизди “Боорукер бол” кайрымдуулук фонду менен бирге өткөрдүк. Дагы алдыда көптөгөн пландарыбыз бар. Адамдардын сүйүнүчу биздин сүйүнүчүбүз” деп билдирди Алмаз Ишенбеков.

«Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун директору Тыныбек Зундуновдун айтуусунда «Биз «Катар» уюму менен биргеликте кайрымдуулук ишин жүргүзүп жатабыз. Элдер ыраазы биз ыраазыбыз. Биздин демөөрчүлөргө да ыраазычылыгыбызды билдирет элем» деп айтып өттү Тыныбек Зундунов.

Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Айзада Усубалиеванын айтымында » Бүгүнкү кайрымдуулук ишин жүргүзүп жаткандарга ыраазычылык билдирем. Буга чейин дагы бул фонд бизге жакшы жардамдарды берип турушчу. Мен өзүм жалгыз бой энемин, төрт баланын энесимин. Буга чейин да жууркандарды, кийимдерди беришти. Быйыл жакшы жардам болду. Бештен жууркан 1тонна көмүр берилди. Тыныбек Зундунов мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай аракет кылып, элдин керегине жарап жүрөт» деп айтып өттү Айзада Усубалиева.

Даярдагандар:Аяна Жайлобаева, Аяна Элеманова, Гулназ Жумагулова.